Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

СПАРТАКИАДА - ЧОҢ СПОРТКО ЖОЛ


Спартакиада - спорттун көп түрү боюнча өткөрүлүүчү массалуу жана комплекстүү мелдештер. Биздин заманга чейинки байыркы Римдеги кулдардын көтөрүлүшүнүн жетекчиси Спартактын урматына аталган. Мурдакы СССРде биринчи Спартакиада 1923-жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн. Бул күндөрү Бишкекте Кыргызстандын мектеп окуучуларынын Спартакиадасы өтүп жатат.

1934-жылы биринчи Бүткүл Кыргызстандык Спартакиада болгон. Мектеп окуучуларынын Спартакиадасы 1954-жылдан баштап ар жыл сайын өткөрүлүп келатат. Бул мелдештер өспүрүмдөрдүн ден-соолугуна өбөлгө болуп, чоң спорттун эшигин ачып келүүдө. Спартакиадалар Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, улан-кыздарды спортко тартуудагы орчундуу роль ойной турганын адистер айтып жүрүшөт.

Өлкөнүн Билим берүү министрлигинин “Жаштык” борборунун жетекчисинин орун басары Таштан Үмөтов спартакиаданын жеңүүчүлөрү Кыргыз дене тарбия институтуна экзамендерден жеңилдик алышаарын белгиледи.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчулардын, Олимпиада жана дүйнө чемпиондорунун тушоолору ушундай окуучулардын атаандашууларында кесилип, алар тагдырын спортко арнаган.

Быйылкы окуучулардын Спартакиадасына 8 команданын сегиз жүздөн ашуун өспүрүм катышууда. Ысыккөл облусунун окуучуларын жетектеп келген Аксуу райондук балдар спорт мектебинин машыктыруучусу Нурлан Кусейиновдун пикиринде мындай мелдештер балдардын спортко болгон мамилесин жакшыртат. Бирок каражат маселесинин айынан балдар мелдештерге баралбай, чеберчилиги аксап турат.
Ошондуктан балдардын ден-соолугу үчүн бардык шарт түзүп берүү зарыл. Себеби, өлкөнүн келечек ээлери ушулар. Мурда мындай мелдештер абдан жогорку деңгээлде өткөрүлчү.

Бул мелдештерге катышып жаткан балдардын толкунданып, кубанып турганын түшүнсө болот. Тогуз коргоол мелдешине алгач ирет катышып жаткан таластык окуучу Тынычбек кызы Айпери мындай деди:

- Мына ушундай мелдештер көп болсо, чеберчилигибиз өсөт эле. Мектептерде спортко жакшы көңүл бөлүнбөй келатканы өкүндүрөт.

Быйыл эч кандай чоң мелдештерге облустардын өкүлдөрү жиберилген жок. Бардык чоң мелдештерге Бишкектин окуучулары гана барып, айылдык өспүрүмдөр четте калууда.

Мындай пикирди спартакиаданын чемпиону, ысыккөлдүк окуучу Мамат Жумаев да толуктап, айыл жергесиндеги мектептердеги дене тарбия сабактарынын деңгээли төмөн деген оюн айтты.

- Айылда спорттук жабдуулар жокко эсе. Ошондой эле дене тарбия сабактары жакшы деңгээлде өткөрүлбөйт. Мыкты машыктыруучулар да жок. Эптеп өз демилгебиз менен команда түзүп, ойноп жүрөбүз.
Чынында чемпиондордун көбү айылдык балдардан чыккандыгын эске алуу зарыл. Мисалы, Каныбек Осмоналиев, Данияр Көбөнов, Раатбек Санатбаев, Канат Бегалиев жана башкалар чоң спортко айылдык мектептерден келишкен.


Спартакиаданын айрым спорт түрлөрү боюнча жыйынтыгы да чыга баштады. Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде Бишкек шаарынын окуучулары баш байгеге ээ болушту.Бокс мелдештеринде Ысыккөл облусунун окуучулары биринчи орунду камсыз кылышты. Ордо таймашында таластык өспүрүмдөр атаандаштарын артыкчылык менен жеңип алышты.

22-23-май күндөрү шахмат, тогуз коргоол, самбо, кыргыз күрөшү, жеңил атлетика, баскетбол, волейбол жана футбол боюнча финалдык беттешүүлөр болот. Мөрөй талашуулардын жалпы жыйынтыгы 23-майда аныкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG