Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын мааракесине барганда, Баш мыйзамдын жаңы долбоору Конституциялык сот тарабынан эмнеге каралбай жатканын сураган. Баекова бул маселеге байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасынын каты эле келгендигин, мыйзамга ылайык парламенттин чечими керек экендигин айткан. Спикер Марат Султанов буга чейин Конституциялык сот төраганын колу коюлган кат аркылуу эле маселелерди карап келгенин, Баш мыйзам долбоорун Конституциялык соттун кароосу үчүн парламенттин чечими керек болсо, ал чечимди чыгарып беришерин айтты. (AJ)