Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

18:15 Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Бишкекте жүрөт


Кыргызстандын коргоо министри ушул жылдын жарымынан баштап Жамааттык Коопсуздук келишим уюмунун коргоо министрлер кеңешин бир жыл башкарат. Милдетти министр Исмаил Исаков быйыл июль айында өтө турган коргоо министрлеринин отурумунда өткөрүп алат. Бул тууралуу бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа менен коргоо министри Исмаил Исаковдун жолугушуусунда сөз болду. Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен бүгүн келген Николай Бордюжа медиа форумга катышып, президент Курманбек Бакиев менен жолугушаары күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG