Бул тууралуу эл аралык өнүктүрүү боюнча ЮСАИД агенттигинин өкүлү Теммак Намара билдирди. Анын айтымында, 1992-жылдан бери аталган агенттик Кыргызстанда агробизнести өнүктүрүү боюнча жана бир катар долбоорлорду ишке ашырууга салым кошкон. АКШнын ЮСАИД агенттиги 1961-жылы уюшулуп, Африка, Азия, Латын Америка жана Европада өндүрүш, айыл чарба, саламаттык сактоо тармагы боюнча долбоорлорду ишке ашырып, толеранттуулукту өнүктүрүү, социалдык конфиликтерди жоюу багытында иш алып келет. (AJ)