Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

18:45 Жалалабаттагы пахта заводдун акционерлери акыйкаттык сурап президентке кайрылышты


Кайрылууга заводдун 500дөй акционери кол койгон. Алар 11-майда ишкананы «Кыргызпахта» акционердик коомуна кайра кайтарган облустук соттун чечимине нааразы болушту. Мындай маалымат ыңкылапты коргоо комитетинин облустагы координатору Акрам Сатиевден алынды. Акционерлер президенттен сот реформасын батыл жүргүзүүнү жана пахта буласын сапаттуу даярдаган заводду мамлекетке өткөрүп алуу ишине көмөктөшүүнү өтүнүшүп, түрдүү соттордун баш аламан чечимдери ишкананы иштетүүгө тоскоол болуп жатканын белгилешти. “Кыргызпахта” АОсунун деректир орунбасары Болот Ибраимжанов заводдун ээсин аныктоодо 1995-1998- жана 2000-жылдардагы мыйзамдар пайдалангандыктан сот бийлиги түрдүү чечимдерди кабыл алып жаткандыгын, ишкана ыңкылап маалында басып алган адамдарга тиешелүү эмес экендигин айтты. (YA)

XS
SM
MD
LG