Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Косово маселеси боюнча резолюция даярдап жатат. Уюмдагы АКШнын өкүлү Залмай Халилзад кечээ күнү билдиргенге караганда, Кеңештин бардык 15 мүчө-мамлекети ал резолюцияны колдоого тийиш, бир гана Орусия ага же вето салып, же добуш бербестен. калыс калышы мүмкүн. Батыш мамлекеттери даярдаган резолюция Косового чектелүү эгемендүүлүк макамын ыйгарууга тийиш.