Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

ТОНИ БЛЭР 27-ИЮНДА КЫЗМАТТАН КЕТЕТ


Британиянын премьер-министри Тони Блэр лейбористтер партиясынын башчылыгынан 27-июнда кетет. Бул чечимин ал Сежфилд шаарында маалымат жыйынында жарыялады. Лейбористтер эми жети аптанын ичинде жаңы жетекчисин шайлашы керек, ошондон соң алардын партиялык лидери автоматтык түрдө өкмөттү жетектөөгө киришет. Бул орунга Блэр азыркы финансы министри Гордон Браун татыктуу деп эсептейт.

Тони Блэр бүгүн эрте менен кабинет жыйынын өткөрүп, андан соң түндүктөгү Сежфилд шаарына - өз округуна келген эле. Кызматтан кетүүнү чечсе, муну алды менен ал өз шайлоочуларына айтарын мурдатан эле эскертип келген. Блэрдин саясий жолу да шахтерлордун ушул Сежфилд шаарынан башталган. Өз чечимин да ал ушул жерде угузду. “Бүгүн мен лейбористтер партиясынын лидерлигин өткөрүп берүүнү чечкеними жарыялагым келет,- деп айтты ал маалымат жыйынында. - Партия эми өзүнө жаңы лидер шайлашы керек. 27-июнда премьер-министрлик кызматтан бошонум сураган арызымы канышага тапшырам”.

Кечээ парламентте консерваторлордун лидери Дэвид Кэмерон өкмөттү “шал болуп калганы” үчүн сынга алып, Блэрдин министрлери кызматтарын өткөрүп жатышканын же качан бошотуларын күтүп,көңүлү жок отурушканын белгилеген эле. “Бул өкмөт тирүү өлүккө айланды! Эмне үчүн мындан ары да буга чыдап отурушубуз керек?” – деп айткан болчу Кэмерон. Консерваторлор жергиликтүү бийликтердин жакында өткөн шайлоосунда алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишти.

Оппонентине Блэр жергиликтүү шайлоонун натыйжаларына Кэмерон каалагандай сыймыктана аларын,бирок иш жалпы шайлоого келгенде, бу жерде лейбористтер жеңип, консерваторлор утуларын айтып жооп берген эле.

Тони Блэр жетектеп турган он беш жыл ичинде лейбористтер эки ирет ишенимдүү жеңишке жетишти, акыркы - 2005-жылдагы шайлоодо көрсөткүчтөр мурдагыдай болбосо да аларга бийликте калганга мүмкүндүк берди.

Өкмөттү жетектеген он жыл ичинде Блэр өлкөдө күчтүү экономика түзүлдү,калктын жашоо шарты өсүп баратат, билим берүү тармагында проблемалар чечилди деп эсептейт. Бирок Ирактагы согуш Блэрдин саясий беделин түшүрдү. Британияда бул кампанияга каршы демонстрациялар болуп өткөн эле. Ушул айда Басрадан британдык үч миңдей аскер контингенти чыгарылат.

Кызматтан кеткенче Блэр “чоң сегиздин” Германиядагы, Евросоюздун июндагы саммиттерине катышат.

XS
SM
MD
LG