Буга байланыштуу Улуттук Банк маалымат жыйынын өткөргөнү жатат. Кыргызстан сомду 1993-жылы КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп жүгүртүүгө киргизген. 1997-жылы, 2002-жылдары эки ирет сомдун коргонуу белгилери күчтөндүрүлгөн. 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө 2000-жылы киргизилген. Ага чейин жүгүртүүдө 50 тыйындык, 1, 5, 10. 20, 50, 100 сомдук банкноттор болчу. (BuS)