8- майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда ХХ Азия чемпионатынын эркин күрөш боюнча алгачкы таймашууларды башталды. Түшкө чейин балбандарды иргеп алуу мелдештери өткөрүлдү.
Түшкө жакын эркин жана грек- рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын ачылыш салтанаты болду. Өлкө жетекчиси Курманбек Бакиев чемпионаттын ачылыш салтанатында Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан тандалып алынышы, бул спорттун өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болоорун белгилеп, Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси маркум Раатбек Санатбаевди бир мүнөт эскерүүнү өтүндү.
Кыргызстандагы күрөштү өнүктүрүүгө жана эл достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэль Мартинеттиге “Данакер” орденин өлкө жетекчиси тапшырды.
“Эркин жана грек рим күрөшү эл достугуна данакер болуу менен дүйнөдө эң таасирдүү спортко айланышына Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэль Мартинетти мырзанын салымы зор,”- деди сыйлыкты ыйгарып жатып президент Курманбек Бакиев.
Ошондой эле Азия чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземинде Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэл Мартинетти Кыргызстанда күрөштү өнүктүрүүгө шарт түзүп, колдоого алганы үчүн президент Курманбек Бакиевге ушул федерациясын “Алтын алкак” төш белги сыйлыгын такты.
Азия федерациясынын жетекчиси Ким Чанг Кью Бишкектеги 20 - Азия чемпионатына уштуруу тобу дурус даярдык көргөнүн, бул таймашуулар калыстыгы менен айырмаланаарын, Азия аймагында күрөштүн таасири жогорулап баратканын белгиледи.
Азия чемпионатына спорттук өлкө катары таанылган Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Иран, Казакстан баш болгон 20 мамлекеттен балбандар дагы келип жатышканын, эркин күрөшкө 16 мамлекеттин балбаны куч сынашып жатканын Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун пикиринде Кыргызстанда мындай Азия чемпионаты алгачкы ирет өткөрүлүп жаткандыктан күйөрмандар азыраак келип, таймашуулардын маанисин али түшүнбөй, кайдыгер болуп жатышат. Жаштардын намысын козгоп, мекенчил духта тарбиялоодо Азия чемпионатынын мааниси чоң, дейт Аскар Салымбеков.
Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча 60, 74 жана 96 кг салмактагы балбандардын баш байге үчүн күч сынашуулары улантылып жатат.
Кыргызстандан баш байгеге 60 кг. салмакта күрөшүп жаткан Базар Базаркороев талапкердин бири болуп финалга чыкты.
Ал эми 14- 15- Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнө чемпионатынын коло медалын женген кыргызстандык Алексей Крупняков дагы 96 кг. салмакта Азия чемпиондугу үчүн финалга чыгып, баш байгеге талапкер болду. 74-кг салмакта күч сынашып жаткан Талант Жекшенов кол байге үчүн күрөшкө чыгат.
9- майда дагы эркин күрөштөн эр азаматтар таймашып, Азия чемпиондору аныкталса, 10- жана 11- май күндөрү кыз- келиндер арасында эркин күрөш мелдештери болмокчу. Ал эми 12-13 майда грек- рим күрөшү боюнча 2007- жылдын Азия чемпиондору аныкталып, таймашуулар өткөрүлөт.