“Кумтөр” алтын кенине кетүүчү Барскоон жана Тосор айылындагы жолду эки жүздөн ашуун адам бууп турушат. 4-майда башталган бул нааразылык акциясы жергиликтүү тургундардын талаптары аткарылмайынча токтобойт, деп билдирди “Карек” бейөкмөт уюмунун лидери Элмира Иманкожоева. “Центера голд” компаниясынын жетекчилиги жергиликтүү элдин нааразылык акциясын мыйзамсыз деп эсептешип райондук ички иштер бөлүмүнө жана райондук прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Иманкожоеванын айтымында, 6-майда райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси жана райондук прокурор Барскоондогу эл менен жолугушкан. Эгерде “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчисине жана айрым жергиликтүү тургундарга укук коргоо органдары кылмыш ишин козгосо кырдаал мындан да кыйын болуп кетерин нааразылык акциясына чыккандар эскертишкен. (AJ)