Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

11:00 Бермет Акаеванын иши Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлдү


Бул тууралуу Акаеванын адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Чүй облустук прокуратурасы 28-апрелде Бермет Акаевага мыйзамсыз сурак жүргүзүп, кысым көрсөткөндүгү үчүн Чүй облустук прокуратурасынын башчысы Жумадыл Макешовго жана тергөөчү Замир Бейшекеевге кылмыш ишин козгоо тууралуу Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бул өтүнүчтү укук коргоо органдары канаатандырып Акаевага байланыштуу ишти МУКК өткөрүп берди, дейт Айткулов. 5-майда Чүй облустук покуратурасы Бермет Акаевага Кемин райондук сотунун ишине тоскоол болуп, сотту сыйлабоо, атайын документтерди жок кылуу айыбын тагып, үй камакка алууга чечим чыгарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG