Алардын арасында кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосунда 2006-жылдын 4-июлунда Астанада кол коюлган билим берүү тармагында кызматташуу, эки өлкөнүн аймагында убактылуу иштеп жаткан кыргыз-казак эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо келишимдери, Кыргызстан менен Беларустун ортосунда былтыр 27-ноябрда Минскиде кол коюлган достук жана кызматташтык боюнча макулдашуу, Нью-Йоркто 2005-жылдын 14-сентябрында кол коюлган өзөктүк террордук актылары менен күрөшүү тууралуу эл аралык конвенция жана башка бир катар келишимдер бар. (SM)