Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

1-МАЙ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕР МЕНЕН КӨРКҮНӨ ЧЫКТЫ


1-Май эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүндө Бишкекте тынчтык жарыштарын өткөрүү салтка айланган. Мурдакы жылдары 1-Май күнү тынчтык жарыштары Алатоо аянтында өткөрүлүп келсе, быйылкы мелдештер Каражыгач эс алуу жайында болду.

Майрамдык жарыштар шаардык жана төрт райондун жетекчилеринин катышуусу менен башталды. Жөө күлүктөр чиновниктерден алдыга озуп кете албай, марага Бишкектин мэри Арстанбек Ногоев биринчи жетти. Ал мелдештин максаты тууралуу буларды айтып берди.

-Бул тынчтык жарыштарына Бишкек шаарынын тургундары, мектеп окуучулары, студенттер катышууда. Майрамдык маанай тартуулаган мындай мелдештер калктын ден соолугуна өбөлгө болмокчу. Келечек жаштар таандык, ошондуктан алардын ден соолугу чың жана сергек болуусу шарт.



Бул тынчтык жарыштарына Бишкек шаарындагы мектептин окуучулары, кесиптик-техникалык окуу жайлардын жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Ар бир райондун командалары өзүнчө жарышка катышып, жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылды. Мектеп окуучуларынан Свердлов районунан Юлия Ходокина, Октябрь районунан Маша Карабицкая, Ленин районунан Даша Кремнева, Биринчи май районунан Анарбек кызы Нургүл баш байгенин ээлери болушту.

Жеңил атлетика менен машыкканына бир жыл болгон Анарбек кызы Нургүл топ жарып биринчи келип, алтын медаль тагынды. Ал өз алдынча гана машыгып жүргөнүн, устаттардын кеңешине муктаж экенин айтып берди.

Өспүрүм балдардын 500 мертге жарыштарында Владимир Жугинов, Жапар Эсенканов, Максим Цысь жана Эгемберди Байыс уулу марага озуп биринчи келишти. Бишкектеги олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Эгемберди Байыс уулу белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаровдой Кыргызстанды тааныткан жөө күлүк болсом деген тилегин билдирди.

Кесипчилик-техникалык окуу жайларынын өкүлдөрү да өз алдынча жарышып, мында кыздардан Татьяна Чернова, жигиттерден Таалай Кадырбаев айырмаланды.

Жогорку окуу жайларынын студенттеринин жарышында кыздардан Бишкек шаардык экономика, башкаруу жана ишкерлик университетинин өкүлү Юля Соломкина биринчи келди.

Ал эми жигиттердин атаандашуусунда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти Нурлан Сагынбаев жеңүүчү деп табылды.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча командасынын мүчөлөрү жана өлкөнүн жөө күлүктөр клубдарынын өкүлдөрү 2 миң метр аралыкта күч сынашты.

Чеберчилиги жогорку жөө күлүктөрдөн Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөсү Денис Писарев биринчи орунду камсыз кылды.

1-Май майрамында Бишкектеги «Аккула» ат майданында спорттун улуттук түрлөрү жана ат оюндары боюнча мелдештер өткөрүлүп турчу.Ордо, кыз куумай,оодарыш, кунан чабыш, аламан байге, жорго салдыруу жана көкбөрү оюндарын көрүүгө чет элдик меймандар, миңдеген жергиликтүү күйөрмандар келишчү. Бирок быйыл өлкөдөгү саясый кырдаалды эске алган «Аккула» ат майданын кызматкерлер мындай улуттук ат оюндарын өткөрүүгө батынган жок.

1-Май спорттук майрамдык мелдештерди уюштурууну Бишкек шаардык спорт комитети гана өз мойнуна алганын аталган мекеменин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов маалымдады.

Ал эми Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт боюнча агенттиги 1-Майда майрамдык бир да мелдеш өткөргөн жок.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG