Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

19-АПРЕЛДЕ МАССАЛЫК ТОПОЛОҢ БОЛДУ БЕЛЕ?


19-апрелдеги окуя боюнча козголгон кылмыш иши кыскарбайт жана тергөө токтобойт. Бул тууралуу башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев камактагы үч саясатчы бошотулгандан кийин билдирди. Ошол эле учурда укук коргоочулар Башкы прокуратураys кылмыш ишти негизсиз козгогон деп сотко берген жатышат.

Башкы прокуратура 19-апрелдеги окуяны Кылмыш кодексинин массалык баш аламандык беренеси боюнча козгоп, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет тергеп жатат. Алгачкы күндөрү күбө катары суралгандардын ичинен Өмүрбек Субаналиев, Өмүрбек Абдыракманов жана Адилет Айтикеев дароо камакка алынып, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кепилдиги астында тил кат менен бошотулду. Бирок башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев «Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» Бириккен фронттун штаб башчысы, «Реформа үчүн!» кыймылынын жана жаштардын «Канжар» уюмунун аталган мүчөлөрү кылмышка шектүү бойдон кала беришерин билдирди.

Бул аралыкта укук коргоочулар 19-апрелде эч кандай массалык баш аламандык болгон жок дешип, муну сот аркылуу териштирүүгө бет алышты. Ушул максатта укук коргоочулар кылмыш козгоо тууралуу токтомдун көчүрмөсүн Башкы прокуратурадан сурап, беш күндөн бери ала албай жатышат. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулованын айтымында, көчүрмө колго тиери менен сотко кайрылышат:

- Кыргызстандын кылмыш кодексинде массалык баш аламандык түшүнүгү бар. Талкалоо, өрттөө, адамдардын өмүрүнө кол салуу, ок атылуучу куралдарды колдонуу, талап-тоноо масса тарабынан болуп кетсе, ошол массалык баш аламандык болот. 19-апрелде анын бирөөсү да болгон жок,
-деди Азиза Абдрасулова.

Бирок баш прокурор Элмырза Сатыбалдиев козголгон кылмышта далилдей турган база бар деп эсептеп жатат. Мындай пикирин башкы прокурор кылмыш ачылган күндүн эртеси эле журналисттерге билдирген:

- Маалымат каражаттарына ырахмат, алар тергөөчүлөр үчүн иштеп жатышат. Далил база силердин баарыңарда бар. Биз ошону алабыз да, тиркейбиз.

Ошол эле маалымат каражаттарына таянган оппозиция 19-апрелдеги окуя боюнча козголгон кылмыш ишинде митингичилер жана аны уюшкандар массалык тартип бузууларга барды деп эсептебейт. Тескерисинче, тартип бузуу бийликтин тукуругу менен болду деп жатышат. Маселен, депутат Темир Сариевдин көз карашында, кимдин күнөөсү бар, кимисиники жок экенин териштирүүнүн кыйынчылыгы деле жок:

- Алардын видеотасмалары бар. НБТ, НТС каналдары тартып алышты. Эми бийлик, укук коргоо органдары алып чыгып, алар кимдер экен, аты-жөнүн тактап, эмне үчүн келген, ичип алганбы-ичпегенби, эмне үчүн жанагинтип кыйкырып, таш ыргытып атышты деп, сурап, тактап, алардын себебин табышы керек.

Козголгон кылмыштын негизинде коюлуп жаткан айыптарда негиз жок экенин айыпталып жаткан үч саясатчынын адвокаттары да билдиришти:

- Тагылган айып далилсиз экенин мындай койгондо да сандырак (абсурд) айып. Ал эми Абдыракмановго тагылгандай айыпты көп жылдык иш тажрыйбамда биринчи жолуктуруп атам. Юридикалык тил менен айтканда негизсиз.

«Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахмановдун адвокаты Татьяна Чилникина мына ушундай пикирин билдирди. Адвокаттар менен укук коргоочулар бийлик митингдерге, массалык нааразылык акцияларына бирдей мамиле жасабай жатат деген көз караштарын айтып жатышат. Муну 2005-жылкы 24-март окуясынын, 2006-жылдын ноябрь акцияларынын учурундагы атайылап уюштурулган антимитингдердин айланасындагы иштерге укуктук баа берүү көз жаздымда калууда деп негиздешүүдө.

Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссия башчысы Турсунбек Акун 19-апрель окуясына акыркы бааны сот бериши керек дейт.

Азиза Абдырасулованын пикиринде бул иштин соңу ошол кылмыш ишин карап, козгоп жаткан күчтөрдөн, адамдардан көз каранды:

- Ар бир тарапка саясий эрк керек. Мисалы, фронт жактан деле жетишкерлик кемчиликтер болуп калды. Бийлик жактан деле кемчиликтер болуп калды. Ар бир тарап кемчиликтерин мойнуна алып, муну тез бүтүрсө да болот. Болбосо эбегейсиз узакка созулган жаңжалдуу, Кыргызстандын атын дүйнөгө дагы бир жолу чыгарган иш болуп калышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG