- Ошентип саясий олку-солкулуктар бир аз басаңдагандай болду. Коомдук саясий чөйрөдө апрелдеги окуялардын сабактары сөз болуп жатат. Бирок ошондой окуялар кайра кайталанбашы үчүн анын себептери жоюлушу керек. Ал себептер кайсылар экени бийликке да, оппозицияга да, коомчулукка да белгилүү. Андыктан ошол себептерди жоюу багытындагы иштер жок дегенде күзгө чейин алгачкы натыйжаларын көргөзүшү керекпи?
- Сөзсүз кечиктирилбей жөнгө салынса жакшы болот эле. Эң негизги азыркы абал күч менен эмес, акыл менен гана чечилиши мүмкүн. Бийлик бүгүн “сөзгө чоркок, муштумун созот” дегендей күчкө таянып атат. Бул абдан туура эмес.Эми маселе оппозицияда деле эмес. Маселе бийлик эки жыл мурун берген убадаларын аткарбай, эл үмүтүн актай албай жатканда болуп атат. Бийлик адилет, калыс болбой, көп кемчилик кетиргенинде болуп атат. Убакыт өткөн сайын бийлик эл ишеничинен калып баратканында маселе. Ошол эле учурда оппозиция деле эл ишеничине жете албай, элди өзүнө тарта албаганында болуп атат маселе.
Эми бийлик да, оппозиция да жүзүн элге көрсөттү. Бары биригип Кыргызстанды бүгүнкү абалга алып келгени жалган эмес. Ошон үчүн 2 жыл боюнча саясатчылардын үнүн эл угуп келди, Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент чоң элдик жыйын өткөрүп туруп, эми бир жолу элдин үнүн, элдин сынын, кеңешин, акылын укса абдан жакшы болот эле.
- Ушундай элдик жыйынды ушул аптада Бириккен фронт өткөрүүгө ниеттенип жатыптыр. Сиз ага азырынча чакырылбадыңызбы?
- Менин кабарым бар, ал жыйын Байтик айылында кичинекей чөйрөдө өткөрүлөт окшойт. Биздин сунушубуз бийлик дагы, оппозиция дагы, Жогорку сот, Жогорку Кеңеш, өкмөт баары биригип миңдей элдин өкүлүн чогултса болот эле. Ар бир айыл өкмөттөн дүжүр эмес, түз, калыс сүйлөгөн адамдардан бири эркек, бири аял экиден шайланса, шаарлардан төрттөн өкүл келсе, ар бир партиядан бир өкүл болуп элдик жыйында түз сүйлөшүш керек эле, эми эмне кылабыз деп.
Мына жакында 26-апрелде Назарбаев Бишкекке келип кетти. Өзүнө барып маалымат жыйын өткөрүп айтыптыр, бүгүн Кыргызстандын эки эле жолу бар, же бийлик оппозиция менен тил табышып, эл турмушун оңдоп, талабын аткарат, же тынчыбай Кыргызстандын чыры басылбай Ооганстанга окшогон өлкөгө айланат деп. Бул өтө оор сөз. Муну угуу өтө оор. Демек азыр элдин жыйыны менен түз обого сыналгы, үналгы аркылуу чагылдырып, эл да телефон аркылуу өз пикирин билдирип, керек болсо 2-3 күн отуруп алып туруп кеңешиш керек болуп калды. Мындан ары кырдаал ушинтип кала берсе, кайра жарылат, азыр абал араң эле турат.
- Бирок парламент бүгүндөн тартып эки жумага тыныгууга кетти. Андан кийин жайкы каникулдун да мөөнөтү жакындоодо. Демек Конституциялык реформа өңдүү маселе күзгө калып калчудай болуп турат го дейм?
- Ошондой болуп калды. Эми мейли калса калсын. Бирок элдин кеңешин угуп, мындай чарага баралы, мындай мөөнөткө күтө тургула деген сөз айтылып калса, эл бир аз ыраазы болот эле. Андай сөз болбосо, элдин ичинде ар кандай пикир жүрө берет дагы, нааразычылык басаңдабай, кайра күчөп кетиши мүмкүн. Себеби турмуш оңолбой жатат. Чынын айтканда, кыргыз эли саясатчылардын барымтасынан чыга албай, мөгдүрөп, чөгөлөп, азаптан башы арылбай жүрө бергенди токтотуш керек. Эми кыргыз эли өзү пикирин айтыш керек, оппозицияны да, бийликти да сындаш керек. Бир ууч кыргыз эли өнүгүү жолуна түшүш керек да. Ушуга чейин ушинтип эле талашып, тартышып, жакалашып, мушташып отура береби бир ууч кыргыз эли.
- Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Улан Эшматов, Прага