Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Стамбулда бир миллионго жакын адам демонстрацияга чыкты


Алар диндин мамлекеттен бөлөк болуусун жана азыркы исламчыл көз караштагы өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылууда. Демонстрациянын тутанышына исламчыл көз караштагы партиянын өкүлү, Тышкы иштер министр Абдулла Гүлдүн президенттикке талапкердигин койгону себеп болду. Бир күн мурун өлкөнүн аскерий күчтөрү Гүлдүн шайланышына тынчсызданып жатканын билдиришти. Бирок өкмөт алардын кийлигишүүсү демократияга каршы келгендиктен буга такыр жол берилбейт деп убада кылды. Секулярдык көз караштагы мыйзам чыгаруучулар жума күнү парламентте өткөн президенттик шайлоону бойкоттоп, анын мыйзамдуулугун Конституциялык сотто талашаарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG