Бийликтер эл арасында белгилүү, консервативдүү көз караштагы жаңылыктар сайтына тыюу салды. Баракча үч ай ичинде президент Махмуд Ахмадинежадды эки жолу сындаган эле. “ИСНА” аттуу студенттик маалымат агенттик кабарлагандай, Мамлекеттик Кеңешме сайтка каршы арызды “изилдеген” соң, баракчага тыюу салуу чечимине келген. Анын аралыгында Тегерандын чач-тарачтарына эркектерге Батыш багытындагы айрым салттуу эмес чач түрлөрүн жасоого тыюу салынды.