Эл аралык илимий жыйынды Ишенаалы Арабаев атындагы университетинин эл аралык бөлүмү өткөргөнү турат. Иш-чаранын максаты – илим, маданият жана ишкерлик чөйрөсүндө кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүү, андагы негизги багыттарды аныктоо эсептелет. 11-майга белгиленген бул талкуу “Себат” билим берүү мекемеси, “Ататүрк-Алатоо” университетинин колдоосунда уюштурулуп жатат. (EBM)