Мындай сунушту Адилет министрине ЕККУнун террорчулукка каршы бөлүмүнүн башчысы Карл Уайкофф жасаган. М.Кайыповдун ырасташынча, Египет, Марокко сыяктуу айрым өлкөлөрдө молдолор түрмөдө жаткан террорчуларды кайра тарбиялоо иштерине тартылып, иш-чара кыйла жакшы жыйынтыктарды берген. Адилет министринин айтымында учурда Кыргызстанда жыйырмага чукул адам террорчу делип айыпталып, абакта жатышат. (IJz)