Американын калкына үналгы аркылуу жасаган ишембидеги кайрылуусунда президент Жорж Буш оппозициядагы демократтарды Ирактан аскер чыгаруунун мөөнөтүн аныктоо планы үчүн сынга алды.
Ал бул маселеде кошумча талкуу керек экендигин мындайча билдирди:
– Вашингтондо республикачылар менен демократтардын ортосунда Ирак боюнча пикир келишпестик бар экенин моюнга алам. Ошондуктан, биз бул маселени тыкыр талкууга алышыбыз керек. Бирок биздин аскерлер бул талкуунун капканына түшүшү керек эмес. Алар бул каражатты көптөн бери күтүп жатышат. Конгресс азыр шымаланып иштеп, биздин аскерлерге каражат бөлгөн мыйзамды чектөөлөрсүз, ал жактагы биздин генералдардын буту-колун тушабай тургандай кылып кабыл алышы керек.
Анын ишениминде, демократтардын планы АКШ душмандары көктөн издегенин жерден таап берет.
Ал эми Ирактыктардын өздөрү эмнени каалашаары бүдөмүк бойдон кала берүүдө.
Соңку изилдөөлөргө караганда, ирактык шийилердин 80 пайызы, суннилердин 97 пайызы өлкөдө америкалык аскерлердин турушуна каршы. Жалпысынан калктын 51 пайызы америкалык аскерлерге кол салууларды колдойт. Бирок ирактыктардын 35 пайызы гана америкалык аскерлердин дароо чыгарылышын каалайт.
Анын аралыгында, Иракта күндөгүдөй эле ондогон адамдардын каны төгүлдү. Бүгүн Багдадда машина менен алынып келинген бомбалардын жарылышынан бери дегенде 35 киши набыт болуп, ондогон кишилер жаракат алды.
Мындан тышкары, эки британдык тик учак бири-бири менен кагылышып кетип, бул кырсыктын айынан эки учкуч өмүрүнөн ажырагандыгы айтылууда.