Бул тууралуу парламент төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашев бүгүн билдирди. Анын айтымында, кеңеште парламентке жолдонгон конституциянын долбоорлору жана сессияны чакыруунун жол-жобосу талкууланмакчы. Депутаттар бул жумада округдарда иштеп, 16-апрелден тарта сессияга чогулууну буга чейин белгилешкен эле. (AiT)