Президент Буш Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтардын Ирактан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча шартына көнбөсүн ачык айтты:
-Ирактагы аскерий саясат боюнча биздин көзкарашыбызда айрымачылыктар бар экенин билем. Бул айрымачылык - аскерлерди чыгарбай жана командирлерибиздин ийкемдүүлүгүн жоготпой- керектүү деңгээлде каржылоого жолтоо болбош керек.
Жорж Буш Ирактагы жана Ооганстандагы согуш үчүн Конгресстен 100 миллиард доллардан ашуун сураган. Өкүлдөр палатасы жана Сенат акчаны бөлүп, бирок, өз шарттарын койгон. Сенат кабыл алган мыйзам долбоору боюнча, америкалык аскерлер 2008- жылдын 31- мартына Ирактан чыгарылыш керек. Өкүлдөр палатасы ошол эле жылдын 1-сентябрына чыгарылсын деп шарт койгон.
АКШ президенти Ирактагы коопсуздукту жакшыртуу үчүн Пентагон жакында Конгресстен дагы 1, 6 миллиард доллар сурай турганын, америкалык аскерлер өз миссиясын жакшы аткарып жатышканын айтты:
-Биз миссиянын аткарылышында, аны аягына чыгаруу багытында айрым оң жылыштарды көрүүдөбүз. Биздин аскерлер ирактыктарды машыктырууда. Башкача айтканда, аракет коңшулардын коопсуздугун камсыздоого гана багытталган жок. Биз бул ишти ирактактар аткаруусу үчүн аларды тынбай машыктырып жатабыз.
Буш ошондой эле Ирак өкмөтүн өз ара саясый мунасага батыл барууга чакырып, Багдадда шииттер жана сунниттер ортосундагы жааташтык согушу басаңдай баштаганын белгиледи. АКШ лидеринин береги сөздөрүн Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Харри Рейд саясый ритрорика деп сынга алды:
-Америкалык аскерлер күн сайын өмүрүн тобокелге салууда. Өмүрүн курмандыкка берип жаткан аскерлерге президент бүгүн кайра сунуш кылгандай саясый риторика эмес, татыктуу стратегия керек.
Экинчи бир демократ - сенатор Жэк Риид АКШ президенти согушка убакытты көп кетирбестен саясый, экономикалык жана дипломаттык аракеттерге көбүрөөк көңүл бурушу зарыл деген пикирин билдирди.