Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин билдиргенине караганда, жыйын май айынын биринчи аптасына белгиленүүдө. Сүйлөшүүлөр Иракта стабилдүүлүк орнотууга багытталган. Өткөн айда Багдадда Ирак менен анын коңшуларынын элчилер деңгээлиндеги жыйыны болгон. Анда АКШ Иран жана Сирия менен сейрек кездешүүчү түз сүйлөшүү өткөргөн.