Ооган, Баткен согушунун ардагерлери Кыргызстандын калкы менен президент, Жогорку Кеңеш, саясий партиялардын башчыларына кайрылуу кабыл алышты. Алар Бириккен фронттун өкүлдөрү буга чейинки Тажикстан жана Ош окуяларын унутпоого үндөштү. Алар карама-каршылыкты токтотууну Бириккен фронттон талап кылышып, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө, жоопкерчиликке, президентти стабилдүүлүк менен тынчтыкты сактоого жана тартипсиздиктерге жол бербөөгө чакырышты. Массалык баш аламандыктар болбоосу үчүн күч-аракеттерин жумшаарын билдиришти. (YA)