Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Британ деңизчилери сүйлөшүүлөрсүз бошотулду


Бул тууралуу бүгүн британ премьери Тони Блэр билдирди. Ал 15 деңизчинин мекенине кайтып келишин кубаттады. Британ премьери белгилегендей, деңизчилер Иран бийликтери менен кандайдыр бир макулдашуусуз бошотулду. Деңизчилер Тегерандан Лондонго учак менен бүгүн жөнөтөлгөн болчу. Быйыл 23-мартта кармалган деңизчилер койо берилээрин Иран президенти Махмуд Ахмадинеджад кечээги пресс-конференциясында күтүүсүздөн жарыялаган эле. Бул маселе боюнча эки өлкө ортосундагы дипломатиялык тирешүү эл аралык деңгээлге чыгып, атүгүл мунай баасынын көтөрүлүшүнө алып барды. Тегеран британ деңизчилерин өлкөнүн аймактык сууларына мыйзамсыз киргени үчүн айыптаса, Британия алар Ирактын сууларынан кармалган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG