Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

12:18 Кулов: Бириккен фронт президент К. Бакиев менен сүйлөшүүлөргө барбайт


Бириккен фронт президент К. Бакиев менен эч кандай сүйлөшүүгө барбайт жана койгон талаптарынын аткарылышы боюнча 6-апрелге чейин ачык жоопту талап кылат, деп билдирди бүгүн Феликс Кулов. Анын айтымында, Бириккен фронт мурдагыдай эле чукул президенттик шайлоо өткөрүү, чыныгы конституциялык реформаларды жүргүзүү жөнүндө талаптарды коюп жатат. Президент бул талаптарды аткарууга даяр экендигин сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө көрсөтүшү керек. Башкача айтканда, 2006-жылы декабрдагы конституцияны жокко чыгарышы жана ноябрдагы конституциянын негизинде коалициялык өкмөт түзүүсү керек. Бул талаптарды аткаруу болмоюнча президент менен эч кандай сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес. (KCh)

XS
SM
MD
LG