Ал эми Бириккен фронттун маалымат катчысы Азамат Калман сүйлөшүү тууралуу кеп кылуу эртелик кыларын билдирди. «Время Новостей» агенттигине берген интервьюсунда Феликс Кулов президент тараптан мындай демлиге болсо жолугушуу ыктымалдыгын белгилеген. Бул аралыкта «Реформа үчүн!» кыймылынын мүчөсү Иса Өмүркулов бийлик менен оппозициянын ыктымал жолугушуусуна макулдук бергенин билдирди. Бийликтин жана оппозициянын көпчүлүк өкүлдөрү 5+5+5 форматында сүйлөшүү даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматты тастыкташкан жери жок. (BuS)
15:58 Эмил Алиев Феликс Куловдун Курманбек Бакиев менен жолугушаары тууралуу маалыматты жокко чыгарды