Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

14:55 Президент Бакиев Жумушчу топ түзүү жараянын тездетүүнү тапшырды


Дүйшөмбүдөгү администрация жыйынында президент Курманбек Бакиев Конституциялык реформага байланыштуу жумушчу топ түзүүнү тездетүүнү президенттик администрация башчысы Мыктыбек Абдылдаевге тапшырды. Жумушчу топ түзүү демилгесин президент 23-мартта жергиликтүү телеберүү аркылуу калкка кайрылуусунда көтөрүп, аны түзүү саясий партиялардын сунуштарынан көз каранды экенин белгилеген. Ал эми 30-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө Конституциялык реформа боюнча түзүлө турган жумушчу топко оппозициядан бир да талапкер сунуштала электигин белгилеген. (BuS)

XS
SM
MD
LG