Бул тууралуу бириккен фронттун штаб мүчөсү Эмил Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда бүгүн түшкү саат бирде Сокулук районунда, андан кийин Жайыл районунда фронттун лидерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Жолугушууда фронттун ишмердүүлүгү жөнүндө айтылып, 11-апрелде боло турган митинг тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Мындан тышкары бириккен фронт тарабынан бүгүн Чүйдүн Токмок, Кемин жана Кант аймактарында жаштарга улак тартыш оюндары уюштурулууда.