Президент К. Бакиевдин бүгүн чыгарган Жарлыгына ылайык, МТРК Улуттук телерадиокорпорация болуп кайра уюшулат жана бир айдын ичинде Жогорку Кенеш анын башкаруу органы болгон Байкоочулар Кеңешин түзүүгө тийиш. Улуттук телерадиокорпорация мамлекеттик статустагы мекеме болуп саналат жана анын бөлүмдөрү мамлекеттик менчиктен ажыратылбайт. Корпорациянын башкаруу органдары болуп Байкоочулар Кеңеши жана аткаруучу органы болуп башкы директор эсептелет. Байкоочулар Кеңеши 15 адамдан турат, анын бешөөн Президент, бешөөн Жогорку Кеңеш, калганын жарандык коом шайлайт. Башкы директорду Байкоочулар Кеңеши шайлайт жана премьер-министр бекитет. Жогорку Кеңеш өз кезегинде Байкоочулар Кеңешинин сунушу боюнча Улуттук телерадиокорпорация жөнүндө жобону бекитет жана ага өзгөртүүлөрдү киргизип туруу укугуна ээ. (KCh)
20:22 МТРК Улуттук телерадиокорпорация болуп түзүлүп, аны Байкоочулар Кеңеши башкарып калат