Жыйын башталганда сөз берилген «Интер-билим» коомдук уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева жаңы бийликтин кемчиликтерине токтолду. Анын айтымында, кыска убакыттын аралыгында бир катар депутаттар киши колду болуп өлтүрүлүп, алардын бети ачылган эмес. Ошондой эле убактылуу кармоочу жайларда кыйноолорго, мыйзамсыздыкка жол берилип, менчиктерди күчтөп тартып алуу кадыресе көрүнүшкө айланган. Сасыкбаева президент Курманбек Бакиевдин 23-марттагы элге кайрылуусунун олуттуу жерлерине токтолуп, «Бакиевдин сөзү менен кылган иши эки ача чыгып жатат. Эгерде Бакиевдин сөзүнө маани берсек анда азыркы Конституция иштебейт»,- деп сынга алды. Ал жаңы бийликтин келиши менен коррупция ого бетер күчөгөнүн баса белгиледи.
Ал эми «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун лидери Феликс Кулов өз сөзүндө аталган фронт тез аранын ичинде өлкөдө саясий оор акыбалдан чыгууну жана туруктуулукту камсыз кылуу аракеттерин көрөрүн билдирди. Анын айтымында, 24-март чынында эле элдик ыңкылап делип баа бериле турган болсо, ыңкылапка түп көтөрүлүп чыккан элдин үмүтүн актоо керек, болбосо элдин эмгегинен пайдаланган бир топтун төңкөрүшү болуп калат.
Кулов саясий оюндарга, майнапсыз сүйлөшүүлөргө убакыт жок экендигин, 24-март элдик ыңкылаптын максаттарын, анда элге берилген убадаларды мыйзамдын чегинде ишке ашырууну бириккен фронт мойнуна алгандыгын билдирди.
«Атамекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев өлкөдө түзүлгөн моралдык, саясий-экономикалык кризистен чыгуунун жолу жок экендигин, мамлекеттүүлүк акырындап кыйрап баратканын, мыйзамдулукту өлкө башчысы жана анын жакындары тебелеп жатканын айтты.
«Бүгүнкү бийлик лидер болуп элди артынан эрчиткенге акысы дагы, мүмкүнчүлүгү дагы жок. Ошондуктан биз тынччылык жолу менен зарыл болсо сүйлөшүүлөр жолу менен бүгүнкү бийликтин, Бакиевдин отставкасына жетишип өлкөдө жаңы саясий системаны түзгөнгө умтулушубуз керек», -деди Өмүрбек Текебаев.
Жаш саясатчы Эдил Байсалов болсо бириккен фронттун талабына кошуп парламентти таркатуу маселесин көтөрдү. «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү, депутат Темир Сариев бир эле мезгилде өлкөдө бардык тармакта реформа жүргүзүүнү президенттен талап кылууну сунуштады.
Форумда сөз сүйлөгөн бир катар саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президенттин убадаларына ишенбей тургандыктарын, системаны түп тамырынан өзгөртүү жарандык коомдордун, элдин күчү менен ишке ашарын белгилешти.
Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун болсо мындай жыйындар керектигин, бирок бир беткей бийликке доомат артып, «жарга такоонун» кажети жок экендигин билдирди. Анын айтымында, бийликтин каталарын Кулов премьер-министр болуп турганда оңдоого аракет кылып, ачык айтып чыгышы керек болчу.
«Жыйында айтылган сөздөрдүн бары бир тараптуу. Ошол форумда отургандардын бир тобу ноябрь митингисинде «Кулов-кетсин!»-деп кыйкырып чыгышпады беле. Эми азыр алар толугу менен Куловду колдоп атышат. Кичине бир «принципиальность» деген болуш керек да. Кулов премьер-министр кезинде бийликтин кемчиликтерин эмне айтып чыккан жок. Ошол бийликтин кетирип жаткан каталарын убагында оңдоого анын мүмкүнчүлүгү бар эле да»,-деди Турсунбек Акун.
Форумга катышкан саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер билдирүү кабыл алды. Билдирүүдө президенттин кайрылуусу дагы бир жолу бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды айгинелегени, «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун талабын, ар кандай саясий акцияларын колдоо айтылган.