Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

ЫҢКЫЛАПТЫН ЭКИ ЖЫЛДЫГЫНЫН АЛДЫНДА ПРЕЗИДЕНТ ЭЛГЕ КАЙРЫЛДЫ


23-мартта президент Курманбек Бакиев телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу менен чыкты. 2005-жылы 24-мартта болгон элдик ыңкылаптын эки жылдыгына арналган кайрылууда азыркы кырдаал, конституциялык реформа жана күтүлүп жаткан саясий акцияларга карата президенттин пикири ачыкталды. Президенттин кайрылуусун оппозициялык саясатчылар ар кандай кабыл алууда.

Президент кайрылуусунда алгач элдик ыңкылаптын эки жылдыгы менен калкты куттуктады. Ыңкылаптан берки жетишкендик катары демократия менен эркиндик көбүрөөк болуп калганын атады:

- Эркиндик, демократия көбүрөөк болуп калганын эч ким тана албайт. Коом коркуп-үркүүдөн, кайдыгерликтен арылды.

Элдин турмушун оңдоо үчүн социалдык багытта аракеттер көрүлүп жатканын, бирок баарын дароо көтөрө салуу мүмкүн эместигин белгиледи. Коррупция темасына токтолуп, Жогорку Кеңеш менчиктештирүү жана капиталдарды легалдаштыруу боюнча мыйзамдарды кабыл алса, өзгөчө энергетика тармагында корупция жана уурдоолор кескин кыскарат деген пикирин айтты.

Азыркы учурдагы саясий кырдаалга токтолгон мамлекет башчысы бийлик ар кандай маселени талкууга ачык экендигин айтып, тирешүү мамлекет үчүн өтө коркунучтуу, ошондуктан бардык күчтөрдү диалогго чакырам деп айтты. Конституциялык реформа тууралуу президент буларды белгиледи:

- Баарыбыз бирге, оппозция да, Жогорку Кеңеш да ноябрда жана декабрда эмоцияга жетелендик. Эми кетирген каталарды оңдоо керек. Мен конституциялык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу үчүн жумушчу топту тез арада түзүүгө жана конституциянын макулдашылган, такталган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна, керек болсо андан кийин рефрендумга коюуга даярмын.

Оппозиция кандай жолду тандап албасын бийлик мыйзамдуулукту сактап калат, оппозиция лидерлери да мыйзамдуу жол менен аракет кылышаарын билдирүүдө. Мен аларга ишенем, деди президент.
Президенттин кайрылуусуна карата «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөсү, депутат Темир Сариев мындай пикирин айтты:

- Президенттин сөзүнөн ушул эки жылда кылынбай калган иштер үчүн элден кечирим сурап, бирок элди биримдикке чакырып, саясий көз караштарга карабай Кыргызстандын эркиндиги үчүн биригебиз деген чакырык ураан болот деп үмүттөндүк эле. Тилекке каршы мындай сөз болгон жок. Экинчиден, бүгүнкү абал эмнеден кыйындап кетти, мындан кандай жол менен чыгыш керектиги айтылат дегенбиз, ал айтылган жок.. Биз айтып келаткан конституциялык реформалар кайсы мөөнөттө өтөт, президенттин жеке өзүнүн көз карашы кандай экен? Аны айткан жок.

Ошондой эле коалициялык өкмөт түзүү маселеси да көтөрүлгөн жок, деп белгиледи Сариев. Анын айтымында, 24-мартта реформачылар чогулуп, президенттин кайрылуусун талкуулап, ага карата өздөрүнүн позициясын иштеп чыгышат.

Ал эми «Реформа үчүн» кыймылдын дагы бир мүчөсү Эдил Байсалов президенттин кайрылуусуна карата мындай пикирин билдирди:

- Президент сүйлөшүүлөргө даярдыгын көрсөттү. Менин оюмча, азыр абдан чечкиндүү чараларды көрүш керек. Кадр маселесин көтөрүп, ушул өкмөттү бекемдеш керек, өкмөттүн жоопкерчилигин жогорулатыш керек деп айтты. Менин оюмча бул коалициялык өкмөттү түзүүгө даярдыгын айгинеледи. Бирок муну менен шашылыш керек. Ал эми конституциялык реформа менен шашылбастан, аны легалдуу, легитимдүү процесстер менен жүргүзүлүш керек деген пикирге мен да кошулам.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG