Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

“ТҮНДҮК ЭЛЕКТР” ИШКАНАСЫНА НААРАЗЫ ЖУМУШЧУЛАР ПИКЕТКЕ ЧЫГЫШТЫ


Бүгүн 19- мартта “Кадам” акционердик коомунун, “Бистарт” жана «Бипласт» ишканаларынын үч жүздөй куруучусу “Түндүк электр” акционердик коомуна нааразылык билдирип, Бишкектеги борбордук аянтта пикет өткөрүштү.

“Алатоо” аянтынын түштүк тарабында Нооруз майрамына даярдык көрүлүп жаткандыктан, нааразылык билдирген тарап өз акциясын «Эркиндик» эстелигинин жанында өткөрдү. Ак жана сары каска кийген куруучулар “Бакиев, ишкерлерди колдоого ал!”, “ Бизнесмендерге иштөөгө жолтоо болбогула!” , “Коррупционер Шамил Оcмонов кызматтан кетсин!”, “Бакиев, Түндүкэлектрдин” коррупционерлеринен сакта!” жана башка ураандарды көтөрүп турушту.

Нааразычылык акциясына чыккан “Кадам” акционердик коомунун куруучусу Майрамбек Бейшеналиев айтымында “Түндүк электр” ишканасы жумушка тоскоол болуп, электр энергиясын тез-тез өчүрүп, толук кандуу иштетпей жатат.

Ал эми “Түндүк электр” ишканасынын жетекчиси Шамил Осмонов дооматты төгүндөп, энергия электр эсептегичти алмаштырганда да энергия өчүрүлгөн эмес деп билдирди. Анын айтымында, энергия эсептөөчү жаңы аппараттын орнотулушу тескерисинче “Кадам” акционердик коому электр энергиясын уурдап жагып келгендигин аныктады. Алар айына 64 миң сом гана төлөп келсе, жаңы электр эсептегичи 20 күндө эле 120 миң сомдук энергияны ишкана чыгымдаганы айнине болгон.

“Түндүк электр” ишканасынын жетекчиси Шамил Осмоновдун дооматына “Кадам” акционердик коомунун жетекчиси Акбөкөн Таштанбеков макул эмес. Ал “Түндүк электр” ишканасы мурдакы бийликтин тушунда “Кадам” акционердик коомуна бөлүнгөн 150 миң киловатт энергияны Айдар Акевдин “Силквей” соода үйүнө жана башка фирмаларга тартып берип салган. Биздин талап ошол мурдакы көлөмдөгү энергияны берип, ишти үзгүлтүккө учуратпай тоскоол болбоо. Ал эми берки “Бистарт” жана «Бипласт» ишканалары менен “Түндүк электр” ишканасы өз алдынча келишим түзсүн. “Алар үчүн бизге айып салуу жарабайт” дейт Акбөкөн Таштанбеков.

“Кадам” акционердик коому турак үйлөрдү куруп, өндүрүш менен алектенсе, «Бипласт» ишканасы курулуш үчүн пластикалык жабдууларды чыгарат. Ал эми “Бистарт” ишканасы сауна, мончо тейлөө ишмердүүлүгү менен алектенет.

Нааразычылыкка чыккан куруучулардын таламдарын иликтөө үчүн Мамлекеттик мүлк комитетинин статс- катчысы Сүйөркул Бакиров комиссия түзүүнү сунуштап, чыр- чатакты мыйзамдуу жол менен чечүүнү суранды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG