Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

БИШКЕКТЕ БОКС БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИР ӨТҮҮДӨ


Бишкекте 13-марттан баштап Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Курамынын баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтүп жатат.

Отуз үчүнчү ирет үзбөй өткөрүлүп келаткан эл аралык бокс мелдешине Казакстан, Өзбекстан, Тажистан жана Кыргызстандын тандалган 127 булгаары мээлей чеберлери катышууда.

Кыргызстандын бокс боюнча улук устаты Шайбек Карагазиевдин айтымында, өлкө намысын жакында өткөн чемпионаттын жеңүүчүлөрү коргоп жатат. Коңшу мамлекеттерден тандалган боксчулар келгендиктен, таймашуу курч мүнөздө өтүүдө.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу ушул Дүйшөнкул Шопоковду эскерүү мелдешинде кесилип, чеберчилиги арткан. Ошондуктан бул жолку ринг үстүндө күч сынашуу он бир салмак боюнча улантылып, жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн иргеп алуу таймаштары болууда.

Казакстандык боксчуларды баштап келген машыктыруучу Галымжан Кумарбеков жаштарды сыноо үчүн жакшы даярдык менен келишкенин, мелдеш курч таймашуулар менен башталганын айтты.

Казакстандык машыктыруучунун тилегин орундатып,
54 кг салмакта алматылык Баглан Омарбеков биринчи беттешүүдө караколдук Руслан Дөөталиевди жеңип алды. Ал казак бокс мектебинин үлгүсүн көрсөттү. Баглан экинчи беттешүүсүн жалалабаттык Авазбек Акбаев менен өткөрөт.

Үчүнчү таймашууда кочкорлук Сапарбек уулу Тилек казакстандык Темирбек Диханбаевди утуп алды. “Бул турнир жайында Монголияда өтө турган Азия чемпионатына жана күзүндө Москвада болчу дүйнө чемпионатына даярдыктын бир этабы” деди спорт чебери Сапарбек уулу Тилек.

Жеңил салмакта өзбекстандык Улугбек Холмурадов, казакстандык Ардак Нурышов менен Эржан Көпжасаров, оштук Авасбек Абдуллаев биринчи беттешүүлөрүн утуп, кийинки таймашууларга укук алышты.

57 кг салмакта кыргызстандык Залкар Бакиров, Азим Мирбакиев, Умид Талипов казакстандык атаандаштарын жеңип алуу менен мыктылардын сабына кошулганы турат. Бул салмакта казакстандык Бахтияр Сопиев, Эржан Кузембаев жана Дуулат уулу Орозбек баш байгеге талапкерлерден болоорун айгинелеп, биринчи сыноодон өтүштү.

Баш байгеге талапкердин бири, кийинки таймашууга укук алган жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдымомунов мелдеш курч мүнөздө өтүп жатканын белгилеп, эми июнда Монголияда өтө турган Азия чемпионатында өлкө намысын коргой турганын билдирди.

60 кг салмакта жалалабаттык Максат Сагынбаев казакстандык Эркебулан Көпесовду утуп, намыска жараганын спорт адистери айтышууда.

64 кг салмакта дагы Жалалабат облусунун “Барпы” спорт клубунун өкүлү Эргазы Мырзакеримов Бишкектин “Гермес-профи” клубунун мүчөсү Айбек Дүйшөмбиевди жеңип алды.

Кыргызстандын бокс федерациясынын ардактуу президенти, мелдештин башкы калысы Райхан Алкановдун айтымында быйылкы эң маанилүү мелдеши- сентябрда Орусиянын борбору Москва шаарында өтө турган дүйнө чемпионаты. Себеби мында байгелүү орунга жеткен бокс чеберлерине 2008-жылы Пекинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомолор ыйгарылат.

Эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү 17-мартта аныкталат. Учурда мөрөй талашуу улантылып жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG