Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

ИРАН АКШнын САЯСАТЫНАН ШЕКТЕНЕТ


10-мартта Багдадда өткөн коопсуздук конференциясын Иран өкмөтү Иракта тынчтык орнотуу багытында жасалган жигердүү “биринчи кадам” деп атады. Бирок, Ирандын жетекчилиги Кошмо Штаттардын Ирактагы саясатына ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышууда. Калкынын көбү шииттер болгон Ирактагы кырдаалды жөндөөдө Иран АКШ жана Сирия сыяктуу негизги оюнчулардын бири саналат.

Багдаддагы конференцияга Ирактын коңшуларына катар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия болуп, он алты өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Ал эми АКШдан өлкөнүн Ирактагы элчиси Залмай Халилзад менен Мамкатчынын орун басары Дэвид Саттерфил болушту.

Тегеранда чыкчу “Рисалат” гезити конференцияга америкалык мартабалуу эки дипломаттын келгенин баса белгилеп, Кошмо Штаттар Ирак капканынан бошонуу үчүн Иран менен сүйлөшүүсү шарт деп боолгойт.

Ал эми өлкөнүн ырасмий адамдарын АКШнын Багдаддагы жыйынга катышуусу өзгөчө шектентендирди. Көзөмөл Кеңешинин катчысы Аятолла Ахмад Жаннати Вашингтон жыйында Иракты башкарууну америкалыктардын башкаруусу астындагы кеңешке өткөрүп берүүнүн аракетин кылат деген пикирин 9-мартта билдирди.

Тегерандык талдоочу, Коргоо министринин мурдакы масилээтчиси Алиреза Акбари да ушуга жакын көз карашта. Ал Багдаддагы конференция Ирактын коңшуларынын жана Ирактагы согушка тартылган өлкөлөрдүн ролун, ошондой эле жоопкерчилигин адилеттүү бөлүштүрүү зарыл экенин тастыктады дейт. Алиреза Акбари ошондой эле Кошмо Штаттары менен Сауд Арабиясы Иракта тынчтыкты орнотууга макулдук берсе, конференция ийгиликке жетет деп бүтүм чыгарат.

Иран Кошмо Штаттардын Ирактагы саясатына канчалык ишенбөөчүлүк менен мамиле кылса, Кошмо Штаттары да Ирандын Ирактагы ролуна ошончолук шектенүү менен карайт. Президент Жорж Буш жекшемби күнкү сөзүндө Иранды, ага катар Сирияны Ирактагы козголоңчуларга каруу жарактан көмөктөшүүнү, шиит-сунниттер ортосундагы араздашууга от бүркүүнү жана жанкечтилердин Иракка өтүүсүн токтотууга чакырды.

Тегеран- Вашингтон арасындагы мындай өз ара ишенбөөчүлүктөн улам, АКШлык күчтөр Иракта калган чакта же өлкөдө Вашингтонго дос режимди орноткон күндө да Ирандын Ирактагы таасири күчөшүнө жол бербөөгө тырышат деп болжолдошот айрым эксперттер.

XS
SM
MD
LG