Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

МАГАТЭ ИРАНДЫ ЖАЗАЛАДЫ


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик Иранга көрсөтүп жаткан техникалык жардамдарынын тең жарымын кыскартты. Ал эми Тегеран МАГАТЭнин чечими Ирандын уран байытуу программасына эч кандай таасирин тийгезе албайт деп билдирди.

МАГАТЭ Иранга техникалык жактан 55 долбоордун негизинде жардам көрсөтүп келаткан эле. Башкаруучулар кеңеши кабыл алган кечээги чечимге ылайык эми анын 22си кыскартылат. Тегеран уран байытууну токтотууну талап кылган Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин декабрдагы резолюциясын аткарбаганы үчүн МАГАТЭ ушундай кадамга барды. Бу чечимди жактап жадакалса Иранга катаң чаралардын көрүлүшүнө каршы чыгып жүргөн өлкөлөр да добуш берди.

Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Асгар Солтание бул санкцияларды улуттук атом өнөр жайын өнүктүрүүнү көздөп жаткан Тегеранга жүнү тетири айланган айрым өлкөлөрдүн аракетинен чыккан натыйжа катары баалады. МАГАТЭ кабыл алган чаралар уран байытуу ишине эч кандай салака-сабырын тийгизе албайт,бул уюмдун көзөмөлү астында Иран баштагыдай эле өз программасын уланта берет, деп айтты Солтание.

Шаршемби күнү Евросоюз Иранды МАГАТЭнин шарттарын кабыл алганга чакырган эле. Тегеран буга макул болсо, Евросоюз колдогон жазаналар дароо алынмак. Бирок Иран шаркеттин демилгесин четке какты. Германиянын МАГАТЭдеги өкүлү Петер Готтвалд Ирандын ядролук программасына байланыштуу проблеманы сүйлөшүүлөр жолу менен чечкенге Евросоюз дале даяр экенин ырастап,ар тараптуу жардамдарды караган сунуштардын топтому талкуу үстөлүнөн алына электигин,каалга ачык бойдон калганын билдирди.

Иранга эл аралык кошумча жазаларды салуу тууралуу резолюциянын долбоору Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германия кирген “алтылыктын” арасында да талкууланып жатат.

XS
SM
MD
LG