Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн «Азаттыкка» берген таңкы маегинде Феликс Куловдун Данияр Үсөновго байланыштуу айткан айыптоосу боюнча суроого жооп берип жатып билдирди. «Парламенттеги коррупция боюнча бир-эки жылдан бери чоң сөздөр болуп жатат, бирок ким кимге бергенин колунан кармап албагандан кийин далилдөө кыйын»,-дейт Текебаев. Ал ошондой эле учурунда спикер Текебаевге каршы добуш берүү үчүн 5-10 миң долларга чейин сунушталганын азыр депутаттар айтып жүрүшкөнүн да кошумчалады.(SM)