Биринчи вице-премер-министр келет дегенгеби, кечээ күнү Талас районунда Бекмолдо айылынан Жерүйгө кеткен жолду тосуп турган митингчилердин саны 800гө жакын болду. Биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жергиликтүү тургундардын талабын өкмөт ушул келе жаткан же болбосо эмки ишемби күнгө карата чечээрин айтты:
- Өкмөт эмнеге макул, эмнеге барат, кайсыл маселени чечкенге даяр, ошонун баарына эмки жумада өкмөттүн чечимин кабыл алып берейин, ишемби күнү өкмөттүн жыйыны болот. Биздин бөлүмдүн кызматкерлери жетишсе ишемби күнү чыгарабыз, жетишпесе эмки ишемби күнү өкмөт Жерүй маселесин карап, силердин талабыңар менен чыгарабыз, - деп айтты Данияр Үсөнов.
Каршылык акциясын өткөргөндөр Жерүй алтын компаниясына 70 пайыз жумушчулар жергиликтүү айыл тургундардан алынсын, үч млн. АКШ доллар каражатынын бир миллиону Бекмолдо айылына калсын деген талаптарын айтышты. Бирок, облустук бийлик башчылар митингчилер менен жолукпагандыктан, кийинки учурда алар кенди жабылсын деген талапка өтүшкөнү да белгиленди.
Бекмолдо айылынын тургуну Калык Сагыналиев президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жөнөтүшкөнүн, облустун өкүлдөрү бул кайрылууну өкмөт башчыларына өз учурунда жеткирбегендигин айтты:
- Ошондо биздин кайрылуубузда Жерүй кенинин ачылышы боюнча өзүбүздүн нааразылыгыбызды билдиргенбиз. Себеби, заводдун калдык сакталуучу жайдын жергиликтүү жашоочуларга жана айдоо аянттарга жакын болушу. Экинчи бул Талас Суусамыр өрөөнүндө болгон чоң жер титирөө. Ошол убактагы жер титирөөлөрдөн элибиз коркуп калаган. Калдык сакталуучу жайлар кокусунан бузулуп кетсе, агын суулар, булактарга кошулуп элге кыйынчылык түзүлүп калабы деген оюбуз болгон. Кумтөрдө, Барскондо, Казарманда болгон окуяларды угуп биз дагы тынчсызданып жатабыз, биз дагы ошондой болуп калбайлы деген ой менен кайрылуу жөнөткөнбүз. Ошондон бери бизге жолуктук деген кишилер келген эмес мына эми келип жатышат,-деди Калык Сагыналиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов болуп жаткан чатактын баары өкмөт кенди тендер өткөрбөстөн туруп австриялык компанияга жең ичинен чечип берип койгондуктан чыгууда деп билдирди:
- Эгерде ошол Жерүй кени бирөөгө жем болбой жең ичинен, соодаланбай жогору жактан, элдин алдында ачык тендерге коюлганда ушундай балакет болот беле? Болбойт болчу. Ошондуктан мен айткам, бул Жогорку Кеңештин позициясы, дагы кайталайм, Жерүй кени тендерге коюлсун.
“Грин пис” бейөкмөт экологиялык уюмдун жетекчиси Улукбек Осмоновдун айтымында, бул жолугушуу өз натыйжасын берген жок. "Эл чийки май жегендей болуп калды". Кенге кетүүчү жолду тороп турган үч боз үй жыйнала элек.