Майлы-Суудагы электрлампочка чыгарган заводдун таштанды жерин жабуу боюнча жергиликтүү бийликтин аракеттери жыйынтык берген жок. “Кылым шамы” бейөкмөт уюумунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, күн сайын никел зымын издөөгө эки миңден алты миңге чейин адам чыгат. Илимдер акдемиясынын медицина маселелери боюнча Түштүктөгү бөлүмүнөн билдиришкендей, никелди чогултуу менен алектенгедердин 80пайызы кийин майып болуп калуу коркунучу алдында турат. Никель казып, курман болгондордун саны быйыл он сегизге жетти.