Кечээ Санкт-Петербургдун борборунда жайгашкан “Макдональдс” ресторанындагы жардыруудан алты адам оор жараат алды. Милиция кызматкерлеринин берген маалыматына ылайык, азырынча жардырылган зат аныктала элек. Тергөөчүлөр жардыруу бейбаштардын иши болсо керек деп болжолдошууда.