Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен Иванов Коргоо министринин кызматынан бошотулду. Эми анын карамагына аскердик-технологиялык комплекс жана экономиканын жарандык тармагы өтөт. Коргоо министри болуп Федералдык салык кызматынын мурдагы жетекчиси Анатолий Сердюков дайындалды. Иванов 2008-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлердин бири деп айтылып келет.