Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

САМБО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ БОЛУУДА


Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда самбо күрөшүнөн эл аралык чебер, Ооган согушунда курман болгон Виталий Гордеевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр бүгүн 14- февралда аныкталат.

Ар жыл сайын самбо күрөшүнүн эл аралык чебери Виталий Гордеевди эскерүү мелдешин өткөрүү салтка айланган. Быйылкы таймашууга Казакстандын бир нече шаарларынын командалары жана Алатоонун жети облусунун балбандары катышууда. Мөөрөй талашуу бүгүн да улантылып самбо күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Абакир Ырысовдун айтымында бардык облустардан жана Казакстандан тандалган балбандар келгендиктен, таймашуу курч мүнөздө өтүүдө. «Жыл өткөн сайын жаштар арасында самбо күрөшүнүн таасири артып баратат» дейт ардагерлер арасында дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси Абакир Ырысов.


Баш байгеге талапкердин бири Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Автандил Анарбаев атаандашуу курч мүнөздө өтүп жатканын белгилеп, эми 15-февралда Москвада өтө турган эл аралык турнирде өлкө намысын коргой турганын билдирди.

Кыргызстандын самбо күрөш федерациясынын президенти Нурлан Токоноевдин айтымында, ушул турнирден тандалган балбандардан өлкөнүн тандалма командасынын курамы түзүлөт. Бүгүн 14-февралда спорттук самбо кармашында байгелүү орундардын ээлери аныкталса, эртең 15-февралда аскердик самбо күрөшүнөн мелдештин жыйынтыгы чыгарылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG