Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Т.Мамашев: Туризм өз алдынча бөлүнгөнү чоң жетишкендик


Кыргызстандын жаңы куралып бүткөн Өкмөтүнүн алдындагы Туризм боюнча агенттиктин башчысы Турусбек Мамашев “Азаттыкка” маек куруп, өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү боюнча ой-тилектери, көз карашы менен бөлүштү.

- Сизди туризм мекемесин кайрадан жетектеп калышыңыз менен куттуктайбыз. Туризм мурда спорт менен чогуу эле, кийин өнөр-жайга кошулган, эми кайра өзүнчө мекемеге айланышы иштин натыйжалуулугуна таасирин тийгизеби?

- Биринчиден, кыргызстандык туристтер эңсеп жүргөнбүз туризм өз алдынча болуп, толук кандуу саясатты жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алса жакшы болот деп. Мына ошол ниет жакында ишке ашып отурат. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, ушул курамда туризм чындап өз алдынча структура болуп бекитилди. Бул өтө чоң жетишкендик. Биз толук кандуу саясат жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алдык.

- Ишти эмнеден баштап жатасыздар?

- Өзүңүздөр билесиздер, биз көнүп алгандай эле жылда сезонду, Ысыккөлдү күтүп эле отура беребиз. Менимче бул туура эмес. Бүгүнкү күндө Кыргызстан туризм өлкөсү катары бүт дүйнөгө жарыяланды. Жылдын эч бир сезонуна карабастан кышы-жайы менен Кыргызстанга туристтерди алып келип, эс алдырууга мүмкүнчүлүк бар. Ошон үчүн биз биринчиден Кыргызстанда эс алууга мүмкүнчүлүк түзөбүз. Экинчиден, эң биринчи биздин алгачкы кадам - бул региондогу туризмди өнүктүрүү. Кыргызстандын бардык жеринде туризмди өнүктүрүүгө толук шарт бар. Ошон үчүн биз эң негизги багытты региондордо туризмди өнүктүрүүдөн баштайбыз.

- Адистер быйыл күн ысык болот деп жатышат. Демек, Ысыккөлгө келген эс алуучулардын агымы былтыркыдан кем болбойт го. Былтыркы проблемалардын айрымдары жайга карата чечилчүдөйбү?

- Кудай буюрса деп турабыз. Биз эс алууга башка мамлекеттерден чакыргандан кийин аларга толук түрдүү шарт түзүп бериш керек экен. Эң негизгиси сервис жана тейлөө системасы. Тейлөө жагынан бизде көп жетишкендиктер бар. Кадырларды даярдоо боюнча региондордо болсун, ошол эле көлдө болсун жогорку сапаттуу тейлөөнү уюштурууга аракет жасап атабыз. Кудай буюрса, бюджеттен каралат, жакшы каражат бөлүнүп берилсе тез аранын ичинде кадрларды даярдоо боюнча ишти башташыбыз керек. Себеби убакыт тез эле өтүп, сезон келип калат. Бизге керектүү акчаны бөлүп берет деген чоң үмүтүбүз бар.

- Сертификат берүү жараянын улантып жатасыздарбы. Эс алуу жайларынын ээлери муну кандай кабыл алып жатышат. Үч жылды кыска эле эки жыл кылып койдуңар деп нааразы болгондор жокпу?

- Бул боюнча мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүшү керек сөсүз түрдө. Биздин агенттиктин түздөн-түз буйрук берип турууга мүмкүнчүлүгү жок. Айтып, көрсөтүп, рекомендация берүү жагынан мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошон үчүн муну сөзсүз түрдө чечиш керек. Себеби, ар бир эс алуу жайлардын категориясын тактап, бир шартта түзөп албасак былтыркыдай башаламандык болот. Өзгөчө баа саясаты боюнча, ар ким өзү каалагандай коюп эле бизге келген эс алуучулардын көпчүлүгүн нааразы кылып атат. Дүйнөлүк системага биз да киришибиз керек. Бул боюнча комиссия түзүп, жакын арада иштейбиз.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG