Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

АТКА МИНЕРЛЕРДИН АРМИЯСЫ КЫСКАРУУГА ТИЙИШ


Айрым депутаттар Кыргызстанда 60 миң мамлекеттик кызматкер бар, алардын көбүн кыскартуу керек деп жатышат. Ошол эле учурда мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин эсеби боюнча 14 миң гана кызматкер бар, анын 20 пайызы кыскартылат.

Кыргызстан эгемендикке чыккандан бери өзүн-өзү билип калган чиновниктердин алкын тыйып, тизгинин тартып коюуга мезгил жеткени такай айтылып келатат. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында өлкөдө 60 миң мамлекеттик кызматкер бар. Кыргызстандагы атка минерлерди ары-бери ташыганга жети миңге чукул автоунаа кызмат кылат. Анчалык автоунааны кармоого, айдоочусуна акы төлөп, бузулганын оңдоп, май куюп турууга мамлекеттик казынадан 650 миллион сом жыл сайын сарпталат. Ансыз да бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн төрттөн бирин сугунуп турган мамлекеттик башкаруу аппараты Кыргызстандын экономикасында олчойгон оор жүк бойдон калууда.

Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директорунун орун басары Нарынбек Касымов парламент депутаты Каныбек Иманалиевдин айткандарына тактоо киргизип, өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин жалпы саны 14 миң экенин билдирди.

Анын айтымында, дарыгер, мугалимдер мамлекеттик казынадан айлык алышканы менен алар мамлекеттик кызматкер деген категорияга кирбейт.

Өкмөттүн уюштуруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Алмаз Мусабековдун айтымында, өлкөдө 472 айыл өкмөтү жана 75 шаардык өзүн өзү башкаруу органдары бар.

Жогорку Кеңеште өкмөттүн курамы талкууга алынып жатканда айрым министрликтерди бириктирүү, мамлекеттик комитет, агенттиктерди кыскартуу сунуштары да айтылды. Парламент депутаты Жусуп Иманалиев өкмөт башчы Азим Исабековдон мамлекеттик кызматкерлер канча пайызга кыскартыларын сураганда, премьер-министр 20 пайызга кыскартылат деген жообун айтты.

Жазуучу Сейит Жетимишевдин ырасташынча, мамлекеттин өзүнүн так эсеп-кысабы болмоюн, аны ишке ашыруунун механизмин иштеп чыкмайын бул аракеттен майнап чыкпайт.

- А булар көзөмөл жүргүзбөй, смета менен келсе ойду-тоону карабай эле акчаны берип атса, ошондой да болчу беле? Ошон үчүн эсеп-кысап системасын жерге келтирмейинче, жерге коймоюнча бул иштер улана берет. Беш кол бирдей эмес. Баарысы эле бирдей ойлонбойт. Ошолордун баарын бирдей коюш үчүн барына бирдей талап, шарт керек. Эгер талап болуп, аны сурап турса бул ишке ашчу нерсе. Мунун ишке ашышынын кыйын жагы да бар. Негизи 15 жыл ичинде бизде башкарууда жоопкерсиздик системасы түзүлүп калды. Жоопкерсиздиктин айынан 15 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланган бир да жетекчинин отчету болгон жок.

Коррупцияны ооздуктоо кыйын жумуш экенин туюнган жаңы өкмөт башчы Азим Исабеков башкаруу аппаратын 20 пайызга кыскартуу жолун ойлонууда. Ушу тапта парламент депутаттары да кеп - кеңешин айтып, өкмөт курамын күжүлдөп талкууга алышууда.

Өкмөт башчы Азим Исабеков азырынча облустарды жоюуга эртелик кыларын белгилеп, бул маселеге кийин кайрылууну туура көрүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG