Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

МАРАТ КАЙЫПОВ: ДЕПУТАТТАР ПРЕЗИДЕНТ КИРГИЗГЕН СТРУКТУРАНЫ КОЛДОШОТ


Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча маселени кароону улантат. Жаңы курам боюнча долбоор өткөн жумада, алгачкы комитеттерде, андан соң парламент жыйынында каралып катуу сын пикирлерге кабылган эле. Жума күнү парламентте эки тараптуу макулдашуу комиссиясын түзүү демилгеси колдоо таппай өкмөт түзүмү боюнча маселени кароо бүгүнкүгө калтырылган эле. Бул жаатта "Азаттыктын" суроолоруна Адилет министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов жооп берди.

- Жогорку Кеңеш өкмөт түзүмүнө келгенде жаңы премьер Азим Исабековду премьер-министрликке бекиткендегидей шартта колдобой жатышынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

- Менимче Жогорку Кеңештин депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү Кыргызстанда туруктуу саясий абал орногонду көздөгөн деп баалар элем. Мына ушул депутаттардын басымдуу көпчүлүгү Кыргызстанда элдин ынтымагын, кыргыздардын биримдигин көздөгөн, туруктуу саясий абалды орнотууга аракет кылган депутаттар деп баалар элем. Анткени, кудум ушул депутаттардын көпчүлүгү 30-декабрда өзүлөрү Конституцияны өзгөртүүгө демилгечи болуп, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алып беришти дагы, өкмөттүн башчылыгына Азимбек Бейшенбаевичти шайлаганда дагы 57 добуш менен, мындайча айтканда бардыгы макул добуш берди, үч киши гана каршы добуш берди. Структураны караганда дагы депутаттар өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн карап, Кыргызстан үчүн оптималдуу, жакшы иштей турган структура кабыл алып берет го деп ойлойм.

- Бирок өткөн жумадагы талкуулар мунасага алып келген жок. Эми мына балким бүгүн-эртең ушул өкмөттүн структурасын колдоор. Негизи сиздин парламент боюнча көз карашыңыз азыр өзгөргөн экен. Мурда башка пикирлерди айтчу элеңиз. Эми башка маселелерден. Бул ирет өкмөттүн президиум өңдүү жаңы нерселер киргизилген экен. Андан башка дагы сунуш кылынып жаткан нерселердин бири, өкмөт түзүмүндө күч органдарын тейлөөчү атайын вице-премьердин кызматы. Муну айрымдар бир адам үчүн, ал ким экенин биз азыр билбейбиз, жасалып жаткан иш дешти. Ошондой зарылчылык сиздин көз карашыңызда барбы, күч органдарын тейлөөчү атайын вице-премьердин кызматын киргизүү боюнча?

- Азыркы президент киргизген структурада өткөн жумада ар бир комитет менен премьер-министр акылдашып, макулдашып, алардын дагы сунуштарын угуп бүттү. Өткөн жума комитеттин ичиндеги иш болду. Бүгүн Кудай кааласа депутаттарыбыз президент киргизген сунушту колдоп берет го деп ойлойм. Менимче, президент киргизген сунуштардын айрымы менен макул болушу керек. Ал эми өкмөт башчысынын орунбасарлары боюнча сөз кыла турган болсок, өзгөчө күч органдарын тейлеген вице-премьер жөнүндө сөз болгон жок. Азыркы учурда эки вице-премьер министр деген кызмат орун жөнүндө сөз болуп атат. Биринчиси, экономика тармагын, экинчиси социалдык чөйрөнү тейлеген орун.

- Бирок алгачкы долбоордо ошондой бар эле. Анда сүйлөшүүлөрдөн кийин болоттур?

- Сүлөшүүлөрдөн кийин кээ бир өзгөрүүлөр болуп атат. Менимче, кээ бир маселелер менен депутаттар койгон талаптар менен да макул болуш керек. Бирок ошону менен бирге эле таптакыр макул болбой турган дагы орчундуу маселелер бар. Президент структураны өзү аныктайт эмеспи, депутаттар бекитип берет, жетекчилик берилбейт мыйзам аркылуу. Ошон үчүн өткөн жумадагы сүйлөшүүлөрдүн, макулдашуулардын, келишүүлөрдүн негизиндеги бүгүнкү кароо жеңилдетилет го деген ишеничтемин.

- Өкмөт структурасы бекитилигенден кийин министрлер кайра дайындалышы керек. Бул ирет алар Жогорку Кеңеш өтүп, президент тарабынан дайындалаарын эске алганда бул жараян тез эле аяктаса керек. Сиздин пикирде өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттери эмнелер?

- Өкмөттүн эң биринчи кезектеги милдети бул албетте Кыргызстандын экономикасын алдыга түртүү. Биз канчалык кыргыз элине көп жумуш орун алып берсек, ошончолук кыргыз элинин жашоосу жаңырат. Экинчиден, карыз маселеси, карызды жоюу маселесин кескин түрдө коюшубуз керек. Демек, экономиканы олуттуу алдыга тартып кете турган тармакка биз тез аранын ичинде инвестиция тартышыбыз керек.

- Демек сизде мурдагы өкмөт мүчөсү катары азыр ишеним барбы өкмөт менен парламент ушул жараяндардан кийин бир ыргакта иштөөсүнө шарт түзүлдү деген?

- Биринчиден, азыркы өткөөл учурда башкы мыйзамдын жаңы редакциясынын өткөөл жоболору боюнча өкмөттүн курамы курулат. Мына ушул өкмөттүн мүчөлөрүн премьер-министрдин сунушу менен президент дайындайт. Азыркы учурда структура белгиленгенден кийин ошол структурага ылайык ар бир өкмөттүн мүчөлөрү ушундай тартипте дайындалмакчы.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG