Ушул эле күнү баш калаанын ар кайсы районунда отуз үч адамдын сөөгү табылган эле. Ирактын башка шаарларында да атышуулардан жана жардыруулардан жети адамдын каны төгүлдү. Ишемби күнү Багдадда базарлардын биринде миналанган жүк ташуучу машиненин жардыруусунан жүз отуз адам өлдү. Акыркы эки жуманын ичинде согушкерлер АКШнын төрт аскерий тик учагын атып түшүрүп, анын ичиндеги жыйырма жоокер курман болду деп кабарлады америкалык командачылык.