Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: СҮТТӨН ЖАСАЛГАН ПИВО, ОРУС АРАГЫНЫН ТУУЛГАН КҮНҮ...


Бейшембиде Япониянын Накасибэцу шаарында сүттөн жасалган пиво сатыла баштады. Дыйкандардын бири артып калган сүттү сата албай, ишканалардын бирине андан пиво чыгаруу идеясын сунуш эткен. Сүт ысык абанын жардамы менен жылытылат. Анан ага ачыткы менен кулмак өсүмдүгү кошулат. Суусундук ачый баштаганда сүт кошулган чайды элестет. Бирок суугандан кийин анын түсү өзгөрүп, кадимкидей пивого окшоп калат.

Сүттөн жаслаган пивону “Билк” деп аташты. Бул пиво менен сүттүн англисче аталышатырынан (beer жана milk) куралган сөз.

“Билк” дүкөндөрдө жаңы эле пайда болгон күндүн алдында дагы бир алкоголь ичимдиги – орус арагы туулган күнүн белгиледи. 1865-жылдын 31-январында Дмитрий Менделеев “Спирт менен суунун кошулуусу” деген тема боюнча диссертациясын жактаган. Кээ бирлер анын илимий иши салттуу орус арагынын рецептине негиз берген дешүүдө. Башка изилдөөчүлөр болсо муну калп дешет.

Кандай болбосун, арактын таржымалы ансыз да кызыктуу. Ичимдикти алгачкы ирет Россияга болжолу менен Литвага соода кылганы бараткан италиялыктар алып келишкен. Москвада алар князь Дмитрийге “мас кыла турган суусундукту” белекке тартуулашкан. Бирок, ал кезде пиво менен балдан жасалган алкоголь ичимдигине артыкычылык берген орустар жаңы суусундукту анча баалашкан эмес. Ал эми 15-кылымда Россиянын өзүндөгү кечилдер орус арагын жасай башташкан.

Эми пиво менен арактан коньякка өтсөк. Былтыр 9-октябрда Түндүк Корея ядролук сынак өткөргөндөн кийин БУУ бир катар жазалоочу чараларды көргөн. Атап айтканда, түндүк кореялыктарга баалуу буюм-тайымдарды сатууга тыюу салынган. Бирок ошол буюмдардын тизмесин ар бир өлкө өзү аныктаган. Соңку маалыматтарга ылайык, АКШ Түндүк Кореяга iPOD плээрлер, спорт машиналарын, зергерлердин буюмдарын, белгилүү дизайнерлер тиккен кийим-кече жана коньяк экспорттоого тыюу салды. Айрым имиштерге ишенсек, коньяк Түндүк Кореянын лидери Ким Ир Чендин эң жакшы көргөн ичимдиги. АКШнын соода министрлигинин өкүлү Ричард Миллстин ырастоосунда, чектөө атайын кореялык элитаны бутага алган. Элдин калың катмарынын андай люкс буюмдарды сатып алууга чамасы чак келбейт. Санкциялар ошондой эле азык-түлүк, дары-дармек жана башка гуманитардык товарларга жайылбайт.

Испаниянын саламаттыкты сактооо министрлиги ири дизайнерлер менен макулдашып, аялдардын кийим кечесинин размерлерин өзгөртүүнү чечти. Бул үчүн 12ден 70 жашка чейин 8 жарым миң аялды ченеп чыгышат. Буга чейин Мадриддеги мода жумалыгынын уюштуруучулары өтө арык модельдердин сахнага чыгуусуна тыюу салышкан. Мындай чара кыздардын арык болуу модасына каршы көрүлүп жатат. Журнал-телевизорлродон, дүкөндөрдөн арык манекендерди көрүп алган кыздар ошол стандарттарга жетүүгө аракеттенип, айрым учурларда тамактан баш тартышат. Былтыр ноябрда Бразилияда 23 жаштагы модель каза болгон. Божомолдорго караганда ал анорексиядан көз жумду.

XS
SM
MD
LG