Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:31

20:10 Тажик соту эки кыргыз жаранын бошотту


Исфара райондук соту бүгүн эки кыргыз жаранынын үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча өкүм чыгарып, Аваз Каратаев менен Жаныш Исмановду сот залынан бошотту. Бирок сот чечимине ылайык, алардын ар бири миң сомониден (300 доллардын тегерегинде) айып пул төлөй турган болду. Тажик укук коргоо органдары Баткендин бул эки тургунуна тоноочулук, адам уурдоо, барымтага алуу беренелери боюнча айып таккан. Алар былтыр 29-октябрда Казакстандан кайткан эки тажик жаранын Бишкектен мекенине алып бараткан учурда кыргыз-тажик чегинен кармалган. Сот ишине катышкан Баткен облустук бийлигинин өкүлү Таштемир Эшалиевдин айтымында, алардын күнөөсү далилденген жок жана тажик жарандары аларга жалган жалаа жапканы белгилүү болду. (SM)

XS
SM
MD
LG