Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

КЫРГЫЗСТАНДЫ САКТОО КЫЙМЫЛЫ: ЖАҢЫ ПРЕМЬЕР HIPCТИ КОЛДОЙ ТУРГАН БОЛСО, БИЗ АГА ДА КАРШЫ ЧЫГАБЫЗ


Кыргызстанды сактоо кыймылы эгерде жаңы премьер-министр да HIPC программасына кирүүнү колдой бере турган болсо, ага каршы мыйзам чегиндеги бардык кадамдарга барууга даяр экендигин билдиришти. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин алдында суроолорго жооп берген Азим Исабеков, HIPC маселесин өкмөттүн жаңы түзүмү менен карап чыгып, Жогорку Кеңешке талкууга чыгарууга сөз берди.

Кыргызстандын HIPC программасына кирүүсүнө каршы чыгып жаткан Кыргызстанды сактоо кыймылынын кеңеши бүгүн Жогорку Кеңешке атайын кайрылуу жолдоп, анда парламент депутаттарын премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Азим Исабековдун бул программага карата жеке көз карашын билип туруп гана добуш берүүгө чакырышты. Кыймыл кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле эгер жаңы премьер-министр HIPC программасын колдой баштаса, ага да каршы чыгыша тургандыктарын эскертишүүдө. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңеште 57 добуш алып, премьер-министрлик кызматка шыдыр өткөн Азим Исабеков бул маселе жаңы өкмөттүн жыйынында кайрадан каралып, Жогорку Кеңеш менен биргеликте чече турган иш экендигин билдирди:

- Мен ойлойм, мына атайын буйруктун негизинде иш тобу түзүлгөн. Ошол топ бүгүнкү күндө иштеп, сунуштарын киргизүүдө. HIPC программасы боюнча, албетте муну аябай кылдаттык менен карап, өкмөттүн жыйынында талкуулап, анан сиздерге алып келип туруп макулаша турган иш.

Мындан мурда Кыргызстанды сактоо кыймылы HIPC программасына каршы жалпы өлкөнү кучагына алган митинг-жүрүштөрдү уюштура баштарын билдирген эле. Кыймыл кеңешинин мүчөсү Мукар Чопонбаевдин ырасташынча, өткөн апта соңунда Бишкек шаарында өткөн HIPCке каршы жөө жүрүш, пландалган боюнча эми региондордо да өтмөкчү. Анын айтымында ушул сыяктуу иш-чаралардан соң бийлик жарандык коом менен эсептешүүгө аргасыз болот:

- Биз дагы эле HIPCке каршы чугуу боюнча бийликке басым көрсөтөбүз деген оюбуз бар. Биз бардык колдон келген жарандык, мыйзамда уруксат берген акцияларды өткөргөнгө даярбыз. Аны өткөрөбүз биз. Митингилер, жүрүштөр, элге түшүндүрүүлөрдүн бардыгы болот. Анан эгер премьер-министрликке келип аткан биздин жигитибиз, бүгүнкү сөзүнөн тайып, эртең эле HIPCти колдоп чыга турган болсо, анда биз бул кишиге да каршы чыгабыз. Маселебиз ушундай.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, HIPC программасына каршы иш-чараларды уюштуруп келаткан белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова, премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болгон Азим Исабековдун HIPC тууралуу парламенттеги бүгүнкү сөзүнө азырынча ыраазы экендигин билдирди:

- Ал айтып атпайбы, HIPC маселесин биз өкмөттүн жаңы курамы менен карап чыгып, андан кийин Жогорку Кеңешке алып келебиз деп. Эми жок дегенде Жогорку Кеңешке алып келемин, парламент аркылуу муну чечемин дегени, мени бир аз кубандырып турат.

Мындан мурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун жетекчилиги астында кыргыз өкмөтү HIPC программасына Кыргызстан кандай шартта макул экендиги жазылган документти кабыл алып, аны Дүйнөлүк банкка жолдошкон эле. Дүйнөлүк банк, бул маселеге март айында кайрылмак. Бирок, өткөн апта соңунда парламентте эки жолу өтпөй калган Феликс Кулов ал документтен өзүнүн колун кайра чакыртып алды. Ошол эле убакта көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болгон Азим Исабеков, өз сөзүндө бул маселе Жогорку Кеңеш менен бирге чечилиши керектигин ырастады. Айрым байкоочулардын божомолунда HIPC программасы боюнча талаш-тартыштар али алдыда.

XS
SM
MD
LG