Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

ДОХА ЧЫРЫ ДАВОСТО ДА ЖАҢЫРДЫ


Швейцариянын Давос курортунда Дүйнөлүк экономикалык форум аяктады. Талдоочулар отуздан ашуун өлкөнүн соода министрлеринин дүйнөлүк эркин соода боюнча сүйлөшүүнү жандандыралы деп макулдашуусун оң жылыш катары белгилешүүдө. “Доха айлампасы” деп аталган бул сүйлөшүү беш жыл мурда Катардын Доха шаарында башталган. Бирок, өнөр жайы өнүккөн жана өнүгүп бараткан өлкөлөр ортосундагы айыл чарба азыктарынын соодасы жана тарифтерди кыскартуу боюнча талаштан улам жарым жыл илгери токтоп калган.

Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Паскаль Лами Давостогу жыйында сүйлөп, Доха айлампасы “тирүү жана жашай берет” деди. Бирок, ал Катардагы сүйлөшүү качан улантыларын так айта алган жок:

-Менин болжолумда, бизге бул саясый эмес, техникалык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү бардык сандары жана мыйзамдуу долбоорлору менен толук аяктоого плюс-минус сегиз ай керек.

Талаштын себеби, АКШ менен Евробиримдик өнүгүү жолундагы Бразиялия жана Индия сыяктуу өлкөлөрдүн ички базарын өнөр жай товарларына, финансы жана телекоммуникация кызматтарына кеңири ачуусун каалайт. Экинчи тарап Вашингтон менен Брюсселден айыл чарба тармагын субсидиялоону жана тарифтерди кыскартууну талап кылууда.

Вашингтондун позициясына демократтардын жеңишинен кийин Конгрессте болгон өзгөрүүлөр олуттуу таасир этпейт көрүнөт.

-Менин оюмча, Конгресстеги эки тарапта тең жакшы ыкласы бар. Биз демократтардын жаңы жетекчилиги жана республикачылардын негизги комитеттердеги карыя мүчөлөрү менен жумушчу жана айлана чөйрөгө байланыштуу маселелер боюнча өз принциптерибизди курмандыкка чалбастан туруп, кандай мунасага барууга жагын сүйлөштүк,- дедиКошмо Штаттардын соода боюнча өкүлү Сюзан Шваб.

Давостогу жыйында эки тараптын тең лидерлери Доха сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү бүтөт деген үмүттөрүн билдиришти. Индиянын соода министри Камал Наттын айтышынча, бардык тараптарды канааттандырган система саалыктырбай түзүлсө, эки жак үчүн пайдалуу болот:

-Көп тараптуу система Индияга кандай болсо, Кошмо Штаттары же Евробиримдик үчүн да ошондой эле маанилүү жана сүйлөшүүнүн бул айлампасы сыяктуу эле сүйлөшүүнү аяктоо да өтө маанилүү.

Ошондой эле өнүгүп бараткан өлкөлөр Батыштын өнүккөн өлкөлөрү жардылыкка каршы күрөштүн негизги жүгүн өздөрүнө алат деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG